Gulzhigit Satibekov - Aksyga Ketelichi Songtexte

Songtexte Aksyga Ketelichi - Gulzhigit Satibekov




Сары-Челек көлдүн боюнда
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Бирге отурсак арман жок эле
Канат күүлөп калкып турам
Чоң бакытка балкып турам
Кээде түшүп сүйүү жалынга
Жан дүйнөмө батпай келет
Эмне дешти таппай келем
Бизди кошкон ушул тагдырга
Тагдыр берген энчим менин
Элжиретип эзбе мени
Жаралдыңбы менин бактыма?
Токою бай, жер-жемиши
Асыл жери, жер бейиши
Жүрчү, жүрчү кеттик Аксыга
Сары-Челек көлдүн боюнда
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле
Элинин да пейили сонун да
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле
Кашка-Суунун суусун кечип
Бозбу-Атанын гүлүн терип
Оюн салсак кечки адырда
Жан кейиткен жамандардан
Тажап бүттүм ушактардан
Кетеличи жүрчү айылга
Сары-Челек көлдүн боюнда
Сен экөөбүз түндүн коюнунда
Таңды күтсөк арман жок эле
Элинин да пейили сонун да
Касиеттүү Аксы коюнунда
Өмүр сүрсөк арман жок эле
Бир карысак арман жок эле



Autor(en): Sanjar Toktobaev


Gulzhigit Satibekov - Gulzhigit Satybekov №1
Album Gulzhigit Satybekov №1
Veröffentlichungsdatum
21-01-2017





Attention! Feel free to leave feedback.