Gulzhigit Satibekov - Koz Zhash текст песни

Текст песни Koz Zhash - Gulzhigit Satibekov




Кат жаздым жан адамга окутпадым
Болду эми жүрөгүмдү оорутпагын
Сүйүүдөн көңүл калды, сенден дагы
Кайрадан күлүмсүрөп жолукпагын
Сага да, махабатка таарынамын
Бактылуу күндөрүмдү сагынамын
Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың
Мен сага алданыпмын, алданыпмын
Бал ширин сөздөрүңө арбалыпмын
Ыйык деп махабатты, сени дагы
Ишенип бир өзүңө байланыпмын
Сага да, махабатка таарынамын
Бактылуу күндөрүмдү сагынамын
Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың
Көңүлсүз күндөр өттү, күндөр өттү
Жүрөктө сага деген сезим өчтү
Кирпикке жашыра албай тамчыларым
Каректер жамгыр сымал жашын төктү
Сага да, махабатка таарынамын
Бактылуу күндөрүмдү сагынамын
Буулугуп ыйлай бердим өткөндү эстеп
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың
Бир тамчы көз жашыма арзыбадың



Авторы: Sanjar Toktobaev


Gulzhigit Satibekov - Gulzhigit Satybekov №1
Альбом Gulzhigit Satybekov №1
дата релиза
21-01-2017




Внимание! Не стесняйтесь оставлять отзывы.
//}