Нурмат Садыров - Жазым Lyrics

Lyrics Жазым - Нурмат Садыров



Жүрөгүмдүн түбүнөн орун алып,
Көз алдыма жалгыз сен кулпурасың.
Ансыз деле жарадар жүрөгүмдү,
Неге мынча кыйнайсың?
Жазым, ай, мөлтүрөгөн көздөрүңө жашырбай,
Кереметин сүйүүмдүн мага берчи.
Жазым, ай, жалгыздыктын кучагына кабылбай,
Арначы бакытты сенден күткөн,
Өзүңдү сагындым, ай.
Сүрөтүңдү карасам нурданасың,
Көзүң күлүп, сен мага жылмаясың.
Сагындырбай алыстан мага келип,
Качан сүйүү сунасың?
Жазым, ай, мөлтүрөгөн көздөрүңө жашырбай,
Кереметин сүйүүмдүн мага берчи.
Жазым, ай, жалгыздыктын кучагына кабылбай,
Арначы бакытты сенден күткөн,
Өзүңдү сагындым, ай.
Жазым, ай, мөлтүрөгөн көздөрүңө жашырбай,
Кереметин сүйүүмдүн мага берчи.
Жазым, ай, жалгыздыктын кучагына кабылбай,
Арначы бакытты сенден күткөн,
Өзүңдү сагындым, ай.



Writer(s): нурмат садыров


Нурмат Садыров - Nurmat Sadyrov
Album Nurmat Sadyrov
date of release
24-02-2017




Attention! Feel free to leave feedback.