Мирбек Атабеков - Нурдануу paroles de chanson

paroles de chanson Нурдануу - Мирбек Атабеков



Эң кымбат белектей,
Өмүрдү кадырлаш керектей.
Жеттимби баркына?
Аптыгам айта албай,
Артыма кайта албай.
Көнсөм да адамдын дартына,
Көнбөй койдум калпына!
Бала кезге баргым келет,
Жалганды билбеген,
Жай-кышы гүлдөгөн.
Адам бойдон калгым келет,
Мансапка байланбай,
Маңкуртка айланбай,
Ак жашап...
Өткөндү кектебей,
Пейилиңди оңдосоң,
Өзүмчүл болбосоң.
Чындыктан четтебей,
Адамды сыйласаң,
Жан дүйнөңдү нур басат.
Көнсөм да адамдын дартына,
Көнө албадым калпына!
Кайырма
Бала кезге баргым келет,
Адам бойдон калгым келет.
Мансапка байланбай,
Маңкуртка айланбай,
Ак жашап,
Ак жашап...



Writer(s): мирбек атабеков


Мирбек Атабеков - Мирбек Атабеков
Album Мирбек Атабеков
date de sortie
14-03-2017




Attention! N'hésitez pas à laisser des commentaires.