Нурмат Садыров - Кыргыз Кыздары paroles de chanson

paroles de chanson Кыргыз Кыздары - Нурмат Садыров



Керме каштуу селкилерге сунуп урматын
"Кыргыз кыз" деп жар салат ырчы Нурматың
Жыгылсам таяган, жалооруп аяган
Жылдыздуу пери кыз болчу курдашым
Кайырма
Жүрөгүмдүн ооругансып турат туш жагы
Жетпей сага көңүл чиркин канча сыздады?
Ажары ченелбес, айга да теңелбес
Ааламда эң сулуу кыргыз кыздары
Каректери таң сыяктуу атса кылайып
Кылыгынан эркелеген таппайм бир айып
Кайыңдай суналган, кымча бел, буралган
Кыргыздын бир кызы мага ылайык
Кайырма
Сен жылмайсаң уялгансыйт көктө күн дайым
Ууртундагы уячаңа сүйүүм сунайын
Козгогон сезимди, кыргыз кыз өзүңдү
Апама алпарып келин кылайын
Кайырма



Writer(s): нурмат садыров


Нурмат Садыров - Nurmat Sadyrov
Album Nurmat Sadyrov
date de sortie
24-02-2017




Attention! N'hésitez pas à laisser des commentaires.