Гульнур Сатылганова - Асман текст песни

Текст песни Асман - Гульнур Сатылганова



Эсеби жок бийигиңде жылдыздын,
Эзелтеден мыйзамы бул турмуштун.
Эли жерин көктөн колдоп турганга,
Жылдыз болуп учат жаны кыргыздын.
Асман, асман жыртылбайсың, сынбайсың,
Арбап көздү бир ордуңан жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың.
Жалгыз сени эч ким албайт энчилеп,
Жашап келет, ачык асман эл тилеп.
Көз алдыңан канча заман өтсө да,
Көгөрөсүң сыр алдырбай, мелтиреп.
Асман, асман көөнөрбөйсүң, сынбайсың,
Ай жылдыздар айланса да жылбайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
Адамдардын тардыгына ыйлайсың...
Түбүң барбы, кимдер ченеп айта алат?
Түгөнбөйсүң түбөлүгүң байкалат.
Кең дүйнөгө батпай жүрүп акыры,
Мен ишенем, жаным сенден жай табат.
Асман, асман эскирбейсиң сынбайсың,
Ай ааламды алтын күнгө нурдайсың.
Асман, асман кээде булут жамынып,
адамдардын тардыгына ыйлайсың...



Авторы: гульнур сатылганова


Гульнур Сатылганова - Асман
Альбом Асман
дата релиза
20-03-2017

1 Асман
2 Бак тилек
3 Сүйүү күчү
4 Жүрөгүн керек
5 Тууган жер
6 Ак көгүчкөн
7 Өмүр кемеси
8 Мендеги ыйык махабат
9 Жазым келчи
10 Тууган жерди сагынуу
11 Элегия
12 Кызгалдак
13 Керемет дүйнө
14 Кыргыз Эл
15 Булуттар
16 Ак көгүчкөн
17 Ысык-Көлдү сагынуу
18 Арзуу
19 Жаңы жыл
20 Бишкек
21 Жаз майрамы
22 Курбу кыздар
23 Бала бакыт
24 Биз дүйнө
25 Жамгыр төктү
26 Кадырлуу калкым
27 Жар жар
28 Күн достор
29 Эмне чындык
30 Эне жөнүндө баллада
31 Ыр махабат
32 Чак түштөгү чагылган
33 Үлгү ырлар
34 Мекендеш




Внимание! Не стесняйтесь оставлять отзывы.