Омар - Энекем текст песни

Текст песни Энекем - Омар



Энекем, энекем, энекем,
Дүйнөдө теңдешки берекем,
Мен дагы дени сак болоюн, ай,
Оорубай жүрө көр сен эсен.
Болсом да атасы баланын,
Өзүңө дагы эле баламын.
Үшкүрүп каласың, алыска, ай,
Үйүңдөн узаса карааным.
Жашоого от болуп жагылдым,
Жаңылдым, чагылдым, кагылдым.
Мен эми эч кимден таба албас, ай,
Энелик мээримиң сагындым.
Кырсыктан колдогон тумарым,
Кыйшайсам түзөтүп турарым.
Кырк жылга кабарсыз кетсем да, ай,
Кыйкырып алдымдан чыгарым.



Авторы: омар


Омар - Omar
Альбом Omar
дата релиза
29-03-2017



Внимание! Не стесняйтесь оставлять отзывы.