Gulzhigit Satibekov - Atamdy Kachan Tabamyn Songtexte

Songtexte Atamdy Kachan Tabamyn - Gulzhigit Satibekov




Бүгүн неге жашым төктүм да,
Ой көлүнөн чыкпай чөктүм да.
Мээримиңе такыр бөлөнбөй,
Ата, сизди көрбөй өстүм да.
Жүрөгүмө толгон кусалык,
Ошол үчүн ыйлайм, өксүйм да.
Бул азаптар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Кусалыктар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Шылтап коюп баарын тагдырга,
Бири-бириңден өчүң алдың да.
Наристе элем, күнөөм жок эле,
Ошол үчүн өксүйм, жашыйм да.
Көөдөнүмө толгон кусалык,
Эх, атаке, көрбөй өстүм да...
Бул азаптар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Сагынычтар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Бул азаптар, сагынычтар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Кусалыктар, ызалыктар мени кыйнады,
Таба аламбы издеп атамды?
Айыктырып жүрөк жарамды...



Autor(en): Sanjar Toktobaev


Gulzhigit Satibekov - Gulzhigit Satybekov №1
Album Gulzhigit Satybekov №1
Veröffentlichungsdatum
21-01-2017





Attention! Feel free to leave feedback.