Нурлан Насип - Унута албайм paroles de chanson

paroles de chanson Унута албайм - Нурлан Насип



Айлуу түндө мен жалгыз,
Отурамын сени эстеп.
Бирге жүргөн күндөрдү,
Сагынып жүрөк эңсеп.
Унута албай келем мен өзүңдү,
Балбылдап жанган кара көзүңдү.
Сагындым ошол чексиз күндөрдү,
Саргайтпай келчи жүрөктү.
Сагындым жаным, сени сагындым,
Махабаттын отуна малындым.
Арбалып сүйүү отуна жаным,
Азаптуу күнгө кабылдым.
Азаптуу күнгө кабылдым.
Карай берем жолуңду,
Келеби деп кайрылып.
Ушул бойдо каламбы же айрылып
Унута албай келем мен өзүңдү,
Балбылдап жанган кара көзүңдү.
Сагындым ошол чексиз күндөрдү,
Саргайтпай келчи жүрөктү.
Сагындым жаным, сени сагындым,
Махабаттын отуна малындым.
Арбалып сүйүү отуна жаным,
Азаптуу күнгө кабылдым.
Азаптуу күнгө кабылдым.
Кабарыңды айтпадың,
Өзүңдү мен таппадым.
Унута албай, сыздап ыйладым
Унута албай келем мен өзүңдү,
Балбылдап жанган кара көзүңдү.
Сагындым ошол чексиз күндөрдү,
Саргайтпай келчи жүрөктү.
Сагындым жаным, сени сагындым,
Махабаттын отуна малындым.
Арбалып сүйүү отуна жаным,
Азаптуу күнгө кабылдым.
Азаптуу күнгө кабылдым.



Writer(s): нурлан насип


Нурлан Насип - Унута албайм
Album Унута албайм
date de sortie
01-02-2016




Attention! N'hésitez pas à laisser des commentaires.