Омар - Тамчы кыз paroles de chanson

paroles de chanson Тамчы кыз - Омар



Өзгөрүлүп аалам күндөн-күн,
Баалуулугу түшүп дүйнөнүн.
Азгырык да сенин айланаң,
А, сен кызысың таза дүйнөнүн.
Ар ким айтса сүйгөнүн,
А, сенин китеп сүйгөнүң.
Мээримге толгон жүрөгүң,
Сен деп жүрөмүн.
Кандай кыз сага теңелет,
Уялганың керемет
Периштедей сезилет
Тазалыгың жактырам,
Адебиңе суктанамын,
Ашыгам, тартылам.
Апакеңдин аппак сүтүндөй,
Аруулугуң калса эч ким түшүнбөй.
Сен аларга көңүл бурбагын,
Бийиктигиң, баркың түшүрбөй
Ар ким айтса сүйгөнүн,
А, сенин билим сүйгөнүң.
Ыйманга толгон жүрөгүң,
Сен деп жүрөмүн.



Writer(s): омар


Омар - Omar
Album Omar
date de sortie
29-03-2017



Attention! N'hésitez pas à laisser des commentaires.