Мирбек Атабеков - Сүйөм сени текст песни

Текст песни Сүйөм сени - Мирбек Атабеков



Биз өткөрдүк күндөрдү
Бирге куруп келечекти
Жашоонун даамын татып
Бирге тилеп берекени
Сүйүү баркын түшүрбөй
Бир үй-бүлөө болдук бүтүндөй
Өйдө-төмөн өмүрдөн
Ачуу-таттуу барын көрдүк
Сүйүм өчпөй көңүлдөн
Сыноолорду баарын жеңдик
Шаңга толуп үйүбүз
Өчпөйт эми биздин сүйүүбүз
Сүйөм сени...
Өзүн болдуң жүрөгүмдүн теңи
Үй-бүлөмдүн сенсиң берекеси
Өмүрдө гана...
Сүйөм сени...
Эң бактылуу адам кылдың мени
Балдарымдын сенсиң энекеси
Өмүрдө гана...
Сыноолорго сынбастан, бардыгына дайын болдум
Турмуш жолун бир баскан
Сен өмүрлүк жарым болдуң
Үй-бүлөмдүн жарыгы
Жүрөгүмдүн сенсиң жарымы
Өмүрлүк жар жылдызым
Бакыт жолдон себеп кылдың
Көбөйсүн деп кыргызым
Мага уул кыз белек кылдың
Кол кармашкан жаш жубайлар
Дайым биздей болсун бактылуу...



Авторы: мирбек атабеков


Мирбек Атабеков - Сүйөм сени
Альбом Сүйөм сени
дата релиза
15-09-2018




Внимание! Не стесняйтесь оставлять отзывы.