Нурлан Насип feat. Асель Кадырбекова - Жакшы көрөм түбөлүк текст песни

Текст песни Жакшы көрөм түбөлүк - Нурлан Насип feat. Асель Кадырбекова




Күлсөң эгер назарыңдан,
Күн шооласы чачылат.
Күлмүңдөгөн ажарыңдан,
Көңүл чери жазылат.
Карегиңде бир сырың бар катылган,
Көрсөм сени жүрөк тойбой сагынган.
Селкинчек сезимдерге күүлөнүп,
Сейил куруп жүрөлүк.
Сырымды ачык айтсам жашырбай,
Сага сүйүүм түбөлүк.
Жаз сымал жүрөктөргө гүл өнүп,
Жанашып биз жүрөлүк.
Жан дүйнөм ашыктыкка берилип,
Жакшы көрөм түбөлүк.
Жылытасың илебиңе,
Жалындаган от сындуу.
Жакындашып тилегиме,
Жаштыкка нур коштуңбу?
Бийиктеги махабат жылдызымды,
Билгизбестен уурдап кеткен жоксуңбу?



Авторы: нурлан насип



Внимание! Не стесняйтесь оставлять отзывы.
//}