Гульнур Сатылганова - Кадырлуу калкым Songtexte

Songtexte Кадырлуу калкым - Гульнур Сатылганова




Сабалап келдим алдыңа
Саламат тосуп алгыла
Сагынып күткөн эл үчүн
Садага кеччү жан мына
Туйлаган жүрөк элим дейт
Туйгундар учкан жерим дейт
Тумардай ыйык ыр менен
Турмуштун жүгү жеңилдейт
Кадырлуу калкым, жазайын жарпың
Бийик бол тоодой, жылдызың жансын
Ардактуу калкым, алайын дартың
Терең бол көлдөй, терметип күндү жаркын
Уютку болуп өмүргө
Ушул күн калсын көңүлдө
Жаштыктан жалын тутанат
Жар салып сүйүү жөнүндө
Бекерге тартпа убайым
Белекке ырым сунайын
Береке толуп кыргызга
Бейпилдик болсун ылайым



Autor(en): гульнур сатылганова


Гульнур Сатылганова - Асман
Album Асман
Veröffentlichungsdatum
20-03-2017





Attention! Feel free to leave feedback.