Гульнур Сатылганова - Тууган жер Songtexte

Songtexte Тууган жер - Гульнур Сатылганова




Уйкуман серпилгенде алыс жакта
Айылдын ак таңдары эске келет
Жолунун боз чаңдары көздөн учуп
Көңүлүм өскөн жерге имерилет (х2)
Чыгыш жак ак шоокумдан көйнөк кийип
Бетинде жылдыз өчөт бийик көктүн
Апалар таңдан туруп уй сааганда
Желге ойноп жыты келет жылуу сүттүн (х2)
Туулган жер кудуретин сагындырып
Элесиң көз алдыма мелт калт этет
Айлыма өзүм жетпей оюм жетип
Үмүтүм закымдарга батып кетет (х2)



Autor(en): гульнур сатылганова


Гульнур Сатылганова - Асман
Album Асман
Veröffentlichungsdatum
20-03-2017





Attention! Feel free to leave feedback.