Гульнур Сатылганова - Мен сага жолугушум керек эле... Songtexte

Songtexte Мен сага жолугушум керек эле... - Гульнур Сатылганова




Мен сага жолугушум керек эле,
Тагдырдын буйруп койгон бир жеринде.
Калаанын кыйма-чийме көчөсүндө,
Болбосо ашуулардын туу белинде.
Мен сага жолугушум керек эле,
Кыштабы же жаздабы, бир мезгилде.
Чыгыштан супа салган ак таңда,
Же болбосо, боз мунарык кеч бешимде.
Мен сага жолугушум керек эле,
Биз түшкөн өмүр деген бул кемеде.
Болжолдуу жерибизден жолугушар,
Болбосо буйтап өтүп кеттикпи же?
Мен сага жолугушум керек эле,
Тагдырдын буйруп койгон бир жеринде.
Калаанын кыйма-чийме көчөсүндө,
Болбосо ашуулардын туу белинде.



Autor(en): гульнур сатылганова


Гульнур Сатылганова - Сахна
Album Сахна
Veröffentlichungsdatum
20-03-2017





Attention! Feel free to leave feedback.