Гульнур Сатылганова - Мендеги ыйык махабат Lyrics

Lyrics Мендеги ыйык махабат - Гульнур Сатылганова




Сүйүүм турат жердин кени тургандай,
Мойнумдагы ыйык аяр тумардай.
Көкүрөккө сыймык толуп караймын,
Көп кыйналып жакшы бир үй кургандай.
Сүйүүм агат мелмилдеген суулардай.
Айбаттанат көлдө сүзгөн куулардай.
Таттуу сайрап элжиретип сезимди,
Таң алдында үн алышкан улардай.
Сүйүүм турат жай күнүндөй толукшуп,
Булбул сайрайт бутак сайын конушуп.
Көзүмдөн курч, көкүрөктөн ал кетер,
Унутпасмын кандай күндө жолуктук.
Бул дуйнодо ачкан менин унумду.
Жарык кылып коодондогу тунумду.
Сенин гана аман жургон караанын.
Мен сен учун данктап ырдайм суйуумду
Ээй эй мен сен учун данктап ырдайм суйуумду



Writer(s): гульнур сатылганова


Гульнур Сатылганова - Асман
Album Асман
date of release
20-03-2017





Attention! Feel free to leave feedback.