Мирбек Атабеков - Ильяздын ыры Lyrics

Lyrics Ильяздын ыры - Мирбек Атабеков



Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым
Тургуздум махабаттын пайдубалын
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып
Долондон канатымды кайрып алдым
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып
Долондон канатымды кайрып алдым
Кумдан көп биздин күндөр, өткөн-өткөн
Келээрмин аман болсом да бир көксөө
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп
Баратам бакыт издеп Памир көздөй
Азыр мен жалгыз учкан, ак куу болуп
Баратам бакыт издеп Памир көздөй
Сен эзсен кусалыкка сезимимди
Жаздагы салкын желден, кабар улай
Мен жокто сылай жүр деп саамайынан
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына
Мен жокто сылай жүр деп саамайынан
Тапшырдым Ысык-Көлдүн шамалына
Жээгине жалгыз келип, байыр алдым
Тургуздум махабаттын пайдубалын
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып
Долондон канатымды кайрып алдым
Жаштыгым татаал жолдон жаңылышып
Долондон канатымды кайрып алдым
Мен көлгө жалгыз келип, байыр алдым



Writer(s): мирбек атабеков


Мирбек Атабеков - Мирбек Атабеков
Album Мирбек Атабеков
date of release
14-03-2017




Attention! Feel free to leave feedback.