Гульнур Сатылганова - Кадырлуу калкым paroles de chanson

paroles de chanson Кадырлуу калкым - Гульнур Сатылганова




Сабалап келдим алдыңа
Саламат тосуп алгыла
Сагынып күткөн эл үчүн
Садага кеччү жан мына
Туйлаган жүрөк элим дейт
Туйгундар учкан жерим дейт
Тумардай ыйык ыр менен
Турмуштун жүгү жеңилдейт
Кадырлуу калкым, жазайын жарпың
Бийик бол тоодой, жылдызың жансын
Ардактуу калкым, алайын дартың
Терең бол көлдөй, терметип күндү жаркын
Уютку болуп өмүргө
Ушул күн калсын көңүлдө
Жаштыктан жалын тутанат
Жар салып сүйүү жөнүндө
Бекерге тартпа убайым
Белекке ырым сунайын
Береке толуп кыргызга
Бейпилдик болсун ылайым



Writer(s): гульнур сатылганова


Гульнур Сатылганова - Асман
Album Асман
date de sortie
20-03-2017





Attention! N'hésitez pas à laisser des commentaires.