Gulzhigit Satibekov - Balama текст песни

Текст песни Balama - Gulzhigit Satibekov




Жаштык, мастык, кимдер жаңылбас
Өттү күндөр кайра кайрылбас
Ошол тагдыр, аттиң, кайда экен?
Баласынан бөлүп айрылбас
Айрылбас
Амансыңбы, балам, шириним?
Өмүрдөгү жашоо бийлигим
Ажыратты бизди бул тагдыр
Эми сага чоочун кишимин
Эми сага чоочун кишимин
Издеп келдим бүгүн, каралдым
Неге мынча чоочуп карадың?
"Ата" деген сөзүң уга албай
Акылымдан кетип барамын
Барамын
Амансыңбы, балам, шириним?
Өмүрдөгү жашоо бийлигим
Ажыратты бизди бул тагдыр
Эми сага чоочун кишимин
Эми сага чоочун кишимин
Дагы канча азап саласың?
Баары өтөр, мезгил, шамалсың
Акыл берсе сага, каралдым
Ата Журтуң издеп табарсың
Табарсың
Амансыңбы, балам, шириним?
Өмүрдөгү жашоо бийлигим
Ажыратты бизди бул тагдыр
Эми сага чоочун кишимин
Эми сага чоочун кишимин
Амансыңбы, балам, шириним?



Авторы: Sanjar Toktobaev


Gulzhigit Satibekov - Gulzhigit Satybekov №1
Альбом Gulzhigit Satybekov №1
дата релиза
21-01-2017




Внимание! Не стесняйтесь оставлять отзывы.
//}