Гульнур Сатылганова feat. Мыктыбек Нурланбеков - Сүйгүлө, сүйүлгүлө текст песни

Текст песни Сүйгүлө, сүйүлгүлө - Гульнур Сатылганова




Сүйүүңөр батпай ичке
Тиктешип карашкыла
Капаны катпай ичте
Урушуп жарашкыла
Көрүшпөй көп убакыт
Сагынып арзышкыла
Билгенге ушул бакыт
Кат менен жазышкыла
Айтылып обу жок сөз
Күлкүнү катыргыла
Ой айтып ортоңорго
Дүйнөнү батыргыла
Чыланып жаан алдында
Корголоп чуркагыла
Бул сүйүү силердики
Башканы укпагыла
Каалгасын жүрөктөрдүн
Кош колдоп ачышкыла
Көңүлгө имерилип
Көз жашты арчышкыла
Жакшы соз арнашууда
Тынымсыз жарышкыла
С өз күчүн жоготкондо
Кучакка алышкыла
Жашырбай бирда сырды бөлүшкүлө
Укканда бир-бириңди
Аябай көнүшкүлө
Ошинтээр бирөө болсо
Кубанып сүйүнгүлө
Калганы келет кетет
Сүйгүлө сүйүлгүлө



Авторы: мыктыбек нурланбеков, нурболот азамат


Гульнур Сатылганова feat. Мыктыбек Нурланбеков - Сүйгүлө, сүйүлгүлө
Альбом Сүйгүлө, сүйүлгүлө
дата релиза
02-09-2022




Внимание! Не стесняйтесь оставлять отзывы.
//}