Мирбек Атабеков - Эне колу текст песни

Текст песни Эне колу - Мирбек Атабеков



Жарыкка көз жарганда эң оболу
Толгонуп канча жашы корободу
Кызыл эт балапандай баланы алып
Калтаарыбай киндик кескен эне колу
Үзүлбөй келечектен күткөн ою
Үйрөтүп, үзүр көрүү өмүр бою
Эмгектеп, талпынып жаңы баскан мезгилинде
Тай-тайлап жетелеген эне колу
Эзилип эт жүрөгү эчен жолу
Аластап тийбесин деп эч бир ооруу
Айланып түн уктабай, азап тартып
Ак сүтүн эмизген да, эне колу
Үзүлбөй келечектен күткөн ою
Үйрөтүп, үзүр көрүү өмүр бою
Эмгектеп, талпынып жаңы баскан мезгилинде
Тай-тайлап жетелеген эне колу
Гүлдөтүп мээрим менен талаа-тоону
Кең салып, чаап берген турмуш жолун
Жашоонун үрөнүн сээп, өмүр улап
Чарчабай эмгектенген эне колу
Үзүлбөй келечектен күткөн ою
Үйрөтүп, үзүр көрүү өмүр бою
Эмгектеп, талпынып жаңы баскан мезгилинде
Тай-тайлап жетелеген эне колу



Авторы: мирбек атабеков


Мирбек Атабеков - Мирбек Атабеков
Альбом Мирбек Атабеков
дата релиза
14-03-2017




Внимание! Не стесняйтесь оставлять отзывы.