Мирбек Атабеков - Кыргыз элим текст песни

Текст песни Кыргыз элим - Мирбек Атабеков



Улуу тарыхты канатына алган,
Улут болуп сакталган.
Урпактарынын мурасына калган,
Уңгу сөздөн кеп салган.
Байыртан мекен үчүн күйгөн,
Эр Манастын уулубуз.
Байырлап Ата Журтун сүйгөн,
Жоголбосун уңгубуз.
Кан майданга да төшүн тосуп барган,
Кайра тартпай душмандан.
Калкым үчүн деп чагылгандай жанган,
Кайратынан жанбаган.
Аий, Кыргызстаным менин,
Ачык болсун асманың.
Элим деп сактаган мекенин,
Азаматтын аскарың.
Кыргыз эли кең пейил элден,
Кереметтүү жерден, ырыс береке берген.
Мекеним өркүндөй бер кылымдарга,
Ак калпагы асманга тийип.
Ала-Тоодой бийик,
Өркүндөй бер кылымдарга
Ынтымак болсо, биз жеңебиз баарын,
Ыйманыңды сактагын.
Биригели биз биримдикке баргын,
Бир бооруңду сатпагың.
Жараткан бейпил жашоо берсин,
Тынчтык болуп элимде.
Жаңы аткан таң нурунан келсин,
Береке кут жериме.
Кыргыз эли кең пейил элден,
Кереметтүү жерден, ырыс береке берген.
Мекеним өркүндөй бер кылымдарга,
Ак калпагы асманга тийип.
Ала-Тоодой бийик,
Өркүндөй бер кылымдарга



Авторы: мирбек атабеков


Мирбек Атабеков - Мирбек Атабеков
Альбом Мирбек Атабеков
дата релиза
14-03-2017




Внимание! Не стесняйтесь оставлять отзывы.