Нурмат Садыров - Кыргыз Кыздары текст песни

Текст песни Кыргыз Кыздары - Нурмат Садыров



Керме каштуу селкилерге сунуп урматын
"Кыргыз кыз" деп жар салат ырчы Нурматың
Жыгылсам таяган, жалооруп аяган
Жылдыздуу пери кыз болчу курдашым
Кайырма
Жүрөгүмдүн ооругансып турат туш жагы
Жетпей сага көңүл чиркин канча сыздады?
Ажары ченелбес, айга да теңелбес
Ааламда эң сулуу кыргыз кыздары
Каректери таң сыяктуу атса кылайып
Кылыгынан эркелеген таппайм бир айып
Кайыңдай суналган, кымча бел, буралган
Кыргыздын бир кызы мага ылайык
Кайырма
Сен жылмайсаң уялгансыйт көктө күн дайым
Ууртундагы уячаңа сүйүүм сунайын
Козгогон сезимди, кыргыз кыз өзүңдү
Апама алпарып келин кылайын
Кайырма



Авторы: нурмат садыров


Нурмат Садыров - Nurmat Sadyrov
Альбом Nurmat Sadyrov
дата релиза
24-02-2017




Внимание! Не стесняйтесь оставлять отзывы.