Гульнур Сатылганова - Жүрөгүң керек paroles de chanson

paroles de chanson Жүрөгүң керек - Гульнур Сатылганова



Жаштыкка жандырып сүйүү бизди
Жалынга ороп койду
Майрамдап жолуккан күнүбүздө
Арманды жолотпойлу
Тилегиң билгизип бери кара
Илебиң сезгим келет
Дүйнөдө издеген мени гана
Көздөрүң керек
Айды сен арнап бербе
Күндү сен кармап келбе
От сезимге толгон, таберик болгон
Таза сүйүү тартуула
Өзүңдөн бир гана суранычым
Көңүлдү оорутпайлы
Көзүңдөн төгүлгөн кубанычым
Калбасын болуп кайгы
Жалгыздап берилбей санаага да
Жанаша жүргүм келет
Сүйөм деп кагылган мага гана
Жүрөгүң керек
Айды сен арнап бербе
Күндү сен кармап келбе
От сезимге толгон, таберик болгон
Таза сүйүү тартуула
Ай, күндү батырган асманына
Махабат кымбат белек
Адашпай бактымды тапканыма
Ишенгим келет
Айды сен арнап бербе
Күндү сен кармап келбе
От сезимге толгон, таберик болгон
Таза сүйүү тартуула



Writer(s): гульнур сатылганова


Гульнур Сатылганова - Угуп кой
Album Угуп кой
date de sortie
01-06-2021




Attention! N'hésitez pas à laisser des commentaires.