Гульнур Сатылганова - Угуп кой paroles de chanson

paroles de chanson Угуп кой - Гульнур Сатылганова



Бир ырда жүрөгүм ууланган
Бир ырда кирпигим сууланган
Бул өмүр бүркөлүп, ачылып да
Кубаныч, кайгыдан куралган
Өткөн күн каяктан табылсын
Өмүрдө бүтпөсүн сагынчың
Өчсөм бир өчөмүн, кайра жанбайм
Өзүңдө ырларым жаңырсын
Угуп кой, санаага батканда
Унутуп, кайгыны басканга
Бир үзүм үмүттү тапканга
Угуп кой, түн уйкуң качканда
Жалынды ыр менен тоскомун
Жанымды ырыма кошкомун
Сыздаган сезимди күүгө салып
Кылына комуздун окшодум
Үн созом махабат багында
Жүрөктүн добушу барында
Жар салып өтөм да тирүүлүктү
Жашаймын жакшы ырдын сабында



Writer(s): гульнур сатылганова


Гульнур Сатылганова - Угуп кой
Album Угуп кой
date de sortie
01-06-2021




Attention! N'hésitez pas à laisser des commentaires.