Гульнур Сатылганова - Жолукпай калсам эгер текст песни

Текст песни Жолукпай калсам эгер - Гульнур Сатылганова



Жолукпай калсаң эгер,
Сендейди табар белем?
Жан дүйнөм толот беле?
Өзүмө суроо берем.
Кезикпей калсаң эгер,
Бактымды табар белем?
Жомогуң болбойт эле,
Дегенде муздайт денем.
Эң таттуу күндөр өткөн,
Көл жээкте бирге болгом.
Сыйкырын сезет белем,
Жолукпай калган болсом?
Жаркыган айлуу түндө,
Таңдардын аппак аткан.
Сырын ким мага ачмак,
Калсаң сен жолукпастан?
Ырларым сага арнаган,
Каз туруп басат беле?
Сырларым ичке каткан,
Мен кимге айтар элем?
Тагдырга ыраазымын,
Өзүңө жолуктурган.
Өмүргө азык болгон,
Сезимге толуп турам.



Авторы: гульнур сатылганова


Гульнур Сатылганова - Сахна
Альбом Сахна
дата релиза
20-03-2017

1 Дасторкон
2 Ал сүйүүнүн келгени
3 Угуп кой
4 Нандын жыты
5 Дебе
6 Жолукпай калсам эгер
7 Сахна
8 Ак санат
9 Каалайм сага
10 Апакем
11 Сени эстеп
12 Ыр десте
13 Жалындат (Remix)
14 Без тебя
15 Келем дедиң
16 Болсочу
17 Эсимде
18 Курбу кыздар (Remix)
19 Сагынганда
20 Ашыктык ыры
21 Сага
22 Кайдасың
23 Кайрылып келчи
24 Ырдап жүр
25 Ырда калган махабат
26 Издеп жүрөм
27 Сагынган күндөр
28 Сен менин жазылбаган ырларымсың
29 Тыңша мени ак сүйүүм
30 Булуттар (Remix)
31 Мен сага жолугушум керек эле...
32 Ак көгүчкөн (Remix)




Внимание! Не стесняйтесь оставлять отзывы.