Гульнур Сатылганова - Эски дептер текст песни

Текст песни Эски дептер - Гульнур Сатылганова




Биз чоңойгон эле чек
Биз жолөнгөн теректер
Эске салды баарысын
Эски дептер
Чагылышкан каректер
Ак сүйүүгө себепкер
Саргайса да сакталган
Эски дептер
Балалык кездерим
Барактай эстедим
Сыйкырдуу сезилген
Сырдашым дептерим
Бактылуу кездерим
Алыстап кеткенин
Жашоомдо бир өзүң
Жазылган дептерим
Өткөн күндөн белектер
Эскирбеген элестер
Тасма сымал тартылган
Эски дептер
Кайд калды ал кечтер
Кайгысы жок бал кездер
Жашайт өчпөй ичинде
Эски дептер
Балалык кездерим
Барактай эстедим
Сыйкырдуу сезилген
Сырдашым дептерим
Бактылуу кездерим
Алыстап кеткенин
Жашоомдо бир өзүң
Жазылган дептерим



Авторы: кыялбек урмамбетов, жылдызбек турсунбаев, султан садыралиев


Гульнур Сатылганова - Эски дептер
Альбом Эски дептер
дата релиза
18-01-2022




Внимание! Не стесняйтесь оставлять отзывы.
//}